Милиция Нурлан Мотуевге эскертүү берди (Видео)
Телефон шылуундарына алданган жарандардын акчасын кайтарып берүүгө убада кылып, социалдык тармактардан жарыя кылып жаткан Нурлан Мотуевге милиция эскертүү берди.
Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев 17-октябрда Жогорку Кеңеште депутат Камила Талиеванын суроосуна жооп берип жатып билдирди. Талиева күч кызматтарынын аракетсиздигинен улам, айласы кеткен жарандар Нурлан Мотуевге кайрылып жатышканын айтып, анын аракети мыйзамга канчалык туура келерин сурады.
"Акчасын алдаткан жарандарыбыз милицияга ишенбей, Нурлан Мотуевге кайрылып атышат. Ал соцтармактарда үч-төрт айдан бери "алдаткан акчаңарды алып берем" деп жарнама кылып отурат. Алып бергенин да айтып жатат. Анын аракети канчалык мыйзамдуу?"
Ички иштер министринин орун басары Абдиев Нурлан Мотуевдин бул аракети мыйзамсыз экенин билдирип, анын өзүнө да бул тууралуу эскертүү берилгенин маалымдады.
"Кечээ Мотуевдин өзүн чакырып, бул аракети мыйзамсыз экени эскертилди", - деди Абдиев.
Жогорку Кеңеш 17-октябрдагы жалпы отурумунда телефон шылуундарына каршы жүрүп жаткан иштер тууралуу өкмөттүн маалыматын угуп жатат.