Баткен облусунун башчысынын орун басары кызматтан бошотулду
Тимур Мадяров президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон документке ылайык, Мадяров башка ишке өтүп жатканына байланыштуу кызматтан алынган.
Мадяров облус башчынын орун басары кызматын 2022-жылдын май айынан бери аркалап келе жаткан.