Садыр Жапаров жарандарды үй менен камсыздаганга багытталган жарлыкка кол койду
Президент Садыр Жапаров өлкө жарандарын турак жай менен камсыз кылуу жана курулуш механизмдерин жакшыртууга багытталган жарлыкка кол койду.
Маалыматта мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансында курулуш үчүн жер участоктору бар экени белгиленген. Бирок бюджеттик каражаттын чектелгендигине, ошондой эле турак жай курулушуна жарандардын каражатын тартуунун мамлекеттик механизминин жоктугуна байланыштуу курула электиги белгиленди.