Путин: Россия Кыргызстандын башкы соода өнөктөштөрүнүн бири бойдон калат
Россия президенти Владимир Путин Россия Кыргызстандын башкы соода өнөктөштөрүнүн бири бойдон каларын билдирди. Бул тууралуу ал өлкө башчысы Садыр Жапаров менен болгон эки тараптуу жолугушуусунда билдирди.
Путин муну менен бирге Россия Кыргызстандын башкы соода өнөктөштөрүнүн бири бойдон каларын белгилеп, жетишкендиктерди тизмектеди. Анын айтымында, Кыргызстандын тышкы соодасынын 26 пайызы Россияга туура келет. Былтыр товар жүгүртүү 26 пайызга жогоруласа, быйыл алты айда дагы 36 пайызга өскөн.
Россия президенти эки мамлекеттин ортосундагы сооданын 98 пайызы улуттук валюталарда жүрүп жатканына токтолгон.
"Россиянын Кыргызстанга жасаган инвестициясы 1,2 миллиард доллардан ашты. Республикада россиялык капитал менен иштеген 2 миңден көп ишкана бар", — деди Путин.
Ал Кыргызстандын ШКУ саммитине даярдыгын жогору баалады.
"Чоң жумуш жасалганын көрүп турабыз, максатыңарга жеттиңер", — деди РФ лидери.
РФ лидери Путин орус тили менен билим берүүгө өзгөчө көңүл бурду. Кыргызстанда орус тилинде окуткан 9 мектеп курулууда, үчөө 2027-жылдын 1-сентябрында эшигин ачат. Ал, мындан тышкары, Кыргызстандагы аскер базасын аймактагы туруктуулукту камсыздоочу маанилүү элементтердин бири деп атады