Онлайн-курс саткандар билими менен тажрыйбасын ачык көрсөтүүгө милдеттендирилет

Кыргызстанда интернет аркылуу акы төлөнүүчү курс саткан жана окуткан адамдарга жаңы талап киргизүү сунушталды. Алар кардардан акча алардан мурда өзүнүн билими, квалификациясы жана иш тажрыйбасы тууралуу маалымат берүүгө милдеттендирилиши мүмкүн.

Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, онлайн-курс сунуштаган адам кайсы окуу жайдан билим алганын, адистигин, кошумча окуулардан өткөнүн, кандай сертификаттары бар экенин жана бул тармакта канча убакыт иштегенин көрсөтүшү керек.

Эгер анын тиешелүү билими же иш тажрыйбасы жок болсо, бул тууралуу да ачык айтууга тийиш. Мындан тышкары, кыска мөөнөттүү курстардын же семинарлардын сертификатын жогорку билимдин документи катары көрсөтүүгө тыюу салуу каралган.

"Курсту компания же жеке ишкер уюштурса, анда сабакты түздөн-түз өтө турган мугалимдин билими жана тажрыйбасы тууралуу маалымат берилүүгө тийиш. Ошондой эле жарнамада адамдын билими, сертификаты, кесиптик даражасы же иш тажрыйбасы тууралуу жалган маалымат берүүгө жол берилбейт", — деп айтылат документте.

Белгилей кетсек, долбоор бардык онлайн-курс окутуучулардан сөзсүз жогорку билим же лицензия талап кылбайт. Негизги максат — кардарлар кызмат сатып алардан мурда аны ким окутарын жана анын кандай даярдыгы бар экенин билишине шарт түзүү.

 

11:22, 18-11-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар