Дээрлик 1 млн. сом болгон. Бишкекте тойдо кошумча салынган сумка уурдалды
Бишкектеги тойканалардын биринде өткөн тойдо ичинде дээрлик 1 миллион сом акчасы бар сумка уурдалды.
Социалдык тармактарда бир апта мурун болгон бул окуя тууралуу ошол күнү үлпөт тою өткөн келин айтып чыкты. Сумкада коноктор алып келген кошумчалар салынган болчу.
Свердлов райондук милициясынан билдиришкендей, 10-ноябрда Аламүдүн-1 кичирайонундагы ресторандардын биринен белгисиз адам акча салынган сумканы уурдап кеткен. Милицияга Д.Д. аттуу жаран арыз менен кайрылган.
Бул факт боюнча "Уурулук" беренеси менен кылмыш иши козголду. Учурда милиция кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн тактап, аны кармоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүүдө.