Акыркы 5 айда жер тамдын баасы 32,12%га кымбаттады
Акыркы 5 айда жер тамдын баасы 32,12%га кымбаттады
Кыргызстанда 2026-жылдын 5 айында жер үйлөрдүн бир чарчы метринин баасы 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32,12%га өстү. Мындай маалыматтар Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин турак жай рыногунун анализинде камтылган.
Жеке турак жайларга болгон баанын өсүшү батирлердин баасынын өсүшүнөн жогору болду. Салыштыруу үчүн батирлердики ушул эле мезгил аралыгында 17,2%га кымбаттаган.
Ведомство белгилегендей, республика боюнча турак жайдын кымбатташы жалпысынан биринчи кварталдын аягында байкалат. Кыш мезгилинде турак жайга суроо-талап төмөндөйт, андан кийин рынок активдеше баштайт.