Таксистке бачык сайып, кайра өзү ооруканга жеткирген шектүү кармалды

Такси айдоочусуна кол салып, унаасын айдап качкан деп шектелген 19 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти. Маалыматка караганда, окуя Сокулук районундагы дачалардын биринде болгон. Шектүү 44 жаштагы такси айдоочусунун моюнуна жана бетине бычак сайган.

"Бирок ал жабырлануучуну өзүнүн унаасы менен ооруканага жеткирип коюп, андан ары машинени айдап качып кеткен", — деп айтылат билдирүүдө.

Ленин РИИБдин кызматкерлери көп өтпөй шектүүнү кармап, Чүй облустук ички иштер органдарына өткөрүп беришти.

 

10:10, 11-11-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар