Кыргызстанда автоунаа импорту өстү

Быйылкы жылдын алгачкы беш айында Кыргызстанга 64,5 миң автоунаа импорттолду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалымдалгандай, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 18 миңге көп.

Импорттолгон унаалардын басымдуу бөлүгү Кытай менен Түштүк Кореядан алып келинген. Бул өлкөлөрдөн жалпы 53 миңдей автокөлүк кирген.

 

18:14, 22-07-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар