Өтмөк ашуусунда калың кар жаап, кыймылга чектөө киргизилди

Өтмөк ашуусунда кар калың жаап, жол тайгак болгондугуна байланыштуу Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, Талас районундагы чектөө жолдун 60-чакырымында, "Алим" оор жүк ташуучу унаалардын токтотуучу жайынан бүгүн саат 06:38ден тартып күчүнө кирген.

"Чектөө жол кырсыктарын жана тыгындарды алдын алуу, жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Жол кыймылын калыбына келтирүү боюнча кошумча маалымат берилет.

 

09:02, 11-11-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар