Чет элдиктерди Россиядан чыгарууга негиз болгон мыйзам бузуулардын тизмеси кеңейтилди

Россияда чет өлкөлүк жарандарды өлкөдөн депортациялоого негиз болчу административдик укук бузуулардын тизмеси эки эседен ашык кеңейтилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Маалымдалгандай, буга чейин айып пул салуу менен чектелген айрым аракеттер эми өлкөдөн чыгарууга негиз болушу мүмкүн. Өзгөртүүлөр 3-ноябрдан тартып күчүнө кирди.

Эми төмөнкү аракеттер үчүн чет элдиктерди Россиядан мажбурлап чыгаруу чечими кабыл алынышы мүмкүн:

майда бейбаштык жасоо;

  • укук коргоо органдарынын же аскер кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына баш ийбөө;
  • чогулуштарды, митингдерди жана башка коомдук иш-чараларды уюштуруу же өткөрүү тартибин бузуу;
  • Россиянын Куралдуу күчтөрүн жаманатты кылууга багытталган ачык аракеттерди жасоо;
  • интернетте адамдын кадыр-баркын жана коомдук адеп-ахлакты кемсинткен маалыматтарды таратуу;
  • Россияга каршы санкция киргизүүгө чакыруу;
  • басмырлоо көрүнүштөрүнө жол берүү;
  • нацисттик же экстремисттик символиканы пропагандалоо;
  • баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү.

ТИМ Россияда жашап жана иштеп жүргөн кыргызстандыктарды жаңы талаптар менен жакшылап таанышып, өлкөдө жүрүү тартибин жана мыйзамдарды так сактоого чакырды.

 

10:27, 05-11-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар