Элди алдап, 5 млрд. сом чогулткан пирамидалар аныкталды

Элди алдап, 5 млрд. сом чогулткан пирамидалар аныкталды

Кыргызстанда автоунаа прокаты жана жеке клиникалардын атын жамынган каржы пирамидалары калктан беш миллиард сомдон ашык акча чогулткан. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда Улуттук банк менен Финкөзөмөлдүн өкүлдөрү билдирди.

Тиешелүү материалдар ИИМге өткөрүп берилгени кабарланды. Алдамчылар жылдык пайданы 40 пайызга чейин аласыңар деп убада кылып келишкен.

Ошондой эле алдамчылар каражатты чет өлкөгө чыгаруу үчүн 18–21 жаштагы балдар-кыздардын банк карталарын колдонуп жатканы айтылды. Муну менен катар коркунуч күчөп, кылмышкерлер жасалма интеллект аркылуу тууган-туушкан, жакындардын үнүн жана кебетесин көчүрүп акча сураган учурлар катталууда. Андыктан банк карталарын жана жеке маалыматтарды эч кимге бербей, шектүү билдирүүлөр келсе кайра чалып тактоо кажет.

Арча медиа
11:27, 02-11-2026

Комментарийлер

Турдубаева дамира
Мен жуз Элу мин алданганмын

Башка жаңылыктар