Түндүк-Чыгыш бажысынын инспектору кармалды
Түндүк-Чыгыш бажысынын инспектору кармалды
Түндүк-Чыгыш бажысынын кызматкери кармалды.
УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Түндүк-Чыгыш бажысынын Бажылык тариздөө борборунун текшерүү тобунун инспектору, 1995-жылы туулган Д.М. кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жана товарды туура эмес декларациялоого шектелүүдө.
Тергөөдөгү маалымат боюнча, инспектор тарабынан кара металл катары 98 даана жарыктандыруу түркүгүнөн турган жүк өткөрүлгөн.
«Мындан тышкары, жүктү тариздөөдө код туура эмес колдонулуп, анын кесепетинен бюджетке милдеттүү бажы төлөмдөрү түшпөй, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген», - деп жазылган маалыматта.
Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө жүрүп жатат.