Жогорку сот Исмаил Исаковго козголгон кылмыш ишин кыскартты

 

 

Жогорку сот Исмаил Исаковго козголгон кылмыш ишин кыскартты

Жогорку сот 2010-жылкы Июнь окуясы боюнча мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковдун аракетинде кылмыштын курамы жок деген негизде кылмыш ишин өндүрүштөн кыскартты. Бул тууралуу Азаттык жазды.

2020-жылы Октябрь окуясынан кийин келген бийлик Ош окуясы боюнча Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш ишин кайра тергеп, сотко өткөргөн.

Жыйынтыгында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге, ошол кездеги коргоо министри Исмаил Исаковго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин экс-төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевге, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асановго жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Бактыбек Алымбековго

“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып коюлган. Исмаил Исаковдон башка саясатчылардын иши Биринчи май райондук жана Бишкек шаардык сотунда “кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткен” деген негизде кыскартылганы айтылды.

Арча медиа
09:53, 30-10-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар