Камчыбек Ташиев борборду Манаска которууну эл чечиши керектигин айтты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарын Манас деп атоо анын идеясы болгонун жана эл да демилге көтөргөнүн айтты. 18-сентябрда шаардын аталышынын өзгөртүлүшү тууралуу маегинде Кыргызстандын борборун Манаска көчүрүү боюнча коомчулуктагы сөздөргө да комментарий берди.

“Манас шаарын борбор кылуу боюнча жетекчилерде, саясатчыларда ой жок. Бирок Манас шаары Кыргыз мамлекетинин борбору деп аталып калса сонун эле болмок. Бирок азыр андай маселе эч жерде коюлган да, көтөрүлгөн да жок. Эгерде ушундай маселе көтөрүлө турган болсо аны эл чечиши керек. Борборду которуу, атын өзгөртүүнү саясатчылар, кайсы бир жетекчи, топтор эмес, эл чечиши керек. Ал үчүн “Манас шаарын Кыргыз мамлекетинин борбору кылууга макулсузбу?” деп референдум кылса эле эл чечип коёт. Эл макул болсо коёбуз, макул болбосо койбойбуз. Бирок бул маселе азыр күн тартибинде жок. Мен өзүмдүн оюмду айтып жатам”, - деди Камчыбек Ташиев.

Президент Садыр Жапаров Жалал-Абадды Манас шаары деп атоо жөнүндөгү мыйзамга 17-сентябрда кол койду. Мыйзамды Жогорку Кеңеш 10-сентябрда кабыл алган.

 

09:09, 19-09-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар