Президент Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын бекитти
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасын бекитти. Өлкө башчынын буга байланыштуу кайрылуусунун текстин маалымат кызматы жарыялады.
Программада төрт артыкчылыктуу өнүгүү вектору аныкталып, ички ресурстарды жана тышкы факторлорду терең талдоонун негизинде түзүлгөн.
"Ар бир вектор экономикалык өнүгүүнү тездетүүгө, өлкөнүн региондогу ордун күчөтүү жана калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн бекем негиз түзүүгө багытталган. Алар чогулуп, өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүн камсыздай турган логикалык жана тең салмактуу траекторияны түзөт", — деп айтылган кайрылууда.
Программада көрсөтүлгөн векторлор:
Индустриялаштыруу — кластердик ыкманы пайдалануу жана наркы жогору продукцияны экспорттоого басым жасоо менен диверсификацияланган өнөр жай базасын түзүү. Өлкөдө региондук өнөр жай чынжырчасында татыктуу орунду ээлөө үчүн ресурстар жана эмгектик потенциал бар.
Региондук хаб — Кыргызстандын Кытай, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин, Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы геостратегиялык абалы негизги транзиттик аянтча жана логистикалык түйүн болууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет. Дүйнөлүк соодадагы трансформациялар, электрондук коммерциянын ролунун күчөшү жана жеткирүү маршруттарын диверсификациялоо өлкөнүн мындай позицияны ээлөө актуалдуулугун күчөтөт.
Айыл чарба жана туризм — Кыргызстан органикалык, экологиялык таза айыл чарба продукциясын өндүрүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүктөргө ээ. Жаратылыш ландшафты менен маданий мурастын айкалышы туризмдин жана айыл чарбасынын жогорку кирешелүү моделин түзүүгө өбөлгө болот.
Жашыл энергетика — бай гидроэнергетикалык потенциал жана кайра жаралуучу ресурстардын болушу өлкөгө өзүнүн энергетикалык коопсуздугун жана көз карандысыздыгын камсыз кылууга, ал эми келечекте жашыл энергияны экспорттоочу жана жашыл инвестициялар үчүн платформа ролуна талапкер болууга мүмкүндүк берет. Бул климаттык чакырыктарга да, экономиканы декарбонизациялоо боюнча дүйнөлүк трендге да жооп берет.
Программанын алкагында бийлик 2030-жылга чейин ИДПнын көлөмүн кеминде 30 миллиард долларга жеткирүүнү жана экономиканын жылдык өсүшүн 8 пайыздан кем эмес деңгээлде камсыз кылып, өлкөнүн туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү боюнча алдыңкы 30 катарга кирүүнү көздөй турганы кошумчаланды.