Мээрим Жуманазарова Дүйнө чемпионатынын күмүш медалын утту
Мээрим Жуманазарова Дүйнө чемпионатынын күмүш медалын утту
Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды.
68 кг чейинки салмакта күч сынашкан балбан финалдык беттеште Кытайдын балбаны Жиа Лонг менен кез келип, 3:4 эсебинде жеңилди.
Ал финалга чейинки беттештерде ишенимдүү күрөш көрсөттү. 1/8 финалда Индиянын өкүлү Сришти Сриштини 5:1 эсебинде жеңген.
Чейрек финалда америкалык Кеннеди Алексис Блэйдсти 6:3 эсебинде утту.
Жарым финалда Монголиянын балбаны Энхсайхан Делгерманы 5:1 эсебинде жеңип алган.