УКМК Милициянын күзөт кызматынын жетекчилерин кармады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ички иштер министрлигинин түзүмдүк бөлүмүндө коррупцияны аныктап, акча өөнөгөн схемага бөгөт койгонун кабарлады.

Маалыматта ИИМдин Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн жетекчилери кызматкерлерге коммерциялык объектилерди кошумча күзөтүүгө уруксат берип, айлыктын бир бөлүгүн алып турушканы айтылат. Мындай схема көп жылдан бери иштеп келгени белгиленген.

"27-августта бөлүм башчынын орун басары, милициянын подполковниги А.Б.Г. 110 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Ал эми О.С.С. аттуу полковниктин иш бөлмөсүнөн 46 миң доллар, 5,9 миллион сом жана ок-дары чыккан", — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Ошондой эле Күзөт кызматынын улук инспектору капитан Ч.Б.К. жана взвод командири ага лейтенант М.Э.Т. да кармалып, баары УКМКнын тергөө абагына киргизилгени кошумчаланды.

 

12:36, 02-09-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар