Кыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра" бекети күнү-түнү иштей баштады

Ушул жылдын 25-августунан тарта кыргыз-казак чек арасындагы "Каркыра-автожол" өткөрүү пункту суткалык иштөө режимине өттү. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматта мындай чечимдин кабыл алынышы казак лидеринин Бишкекке болгон расмий сапарынын алкагында ишке ашканы айтылат.

Чек ара өткөрүү жайынын тынымсыз иштөө режимине өткөндүгүнө арналган атайын иш-чара болуп, ага эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын жетекчилери, канатташ айылдардын аксакалдары катышканы белгиленген.

 

11:11, 26-08-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар