Бишкек мэриясы "Мадина" базарындагы өрттөн кийинки чыгым эсептелип бүткөнүн билдирди

Бишкек шаарынын мэриясы "Мадина" базарындагы өрттөн кийинки баштапкы чыгым эсептелип, укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилгенин билдирди. Калаа мэриясы өрттөн жабыркагандарга компенсация төлөнүп жатканы тууралуу тараган сөздөргө байланыштуу 1-октябрда маалымат таратып, өрт эмнеден чыкканын аныктоо иштери уланып жатканын белгиледи.

Мекеменин маалыматына караганда, Свердлов райондук администрациясы чыгымдын суммасын аныктап чыкты. Ошол эле учурда тергөө иш-чаралары дагы деле уланууда. Окуянын бардык жагдайлары, өрттүн келип чыгышына жооптуу адамдар аныкталууда.

"Ушуга байланыштуу жабыркагандарга компенсация төлөнбөйт деп айтууга азырынча эрте. Бул маселе боюнча тиешелүү иштер улантылууда", - деп айтылды мэриянын маалыматында.

Бишкек мэриясы мындан аркы төлөм жана компенсация маселеси тиешелүү тергөө жана текшерүү иш-чаралары аяктап, келтирилген чыгымдын акыркы өлчөмү аныкталгандан кийин караларын билдирди.

30-августта эртең мененки саат 9дарга жакын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) базарда өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Аны өчүрүүгө жалпысынан 10 бөлүм тартылган. Тилсиз жоо саат 21:02де толук өчүрүлгөн. Эки куткаруучу жеңил жараат алган. Базар бир аптадан кийин ачылганы менен өрттөн жабыр тарткан соодагерлер бийлик убада кылган жардамдан кабар жок экенин айтып жатышкан.

13:30, 01-10-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар