Мыйзамсыз миграция уюштургандарга 13 млн сомдук айып пул салынды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кыргызстанга мыйзамсыз миграция агымдарын уюштурууга бөгөт коюу максатында 1-10-октябрь күндөрү "Нелегал-2026" аттуу аймактык операциясын жүргүздү.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 431-беренесине ("Чет өлкөлүк жарандардын өлкөдө болуунун белгиленген тартибин, эмгек ишмердүүлүгүн жүзөгө ашыруу эрежелерин же транзиттик өтүү тартибин бузуу") ылайык, жалпы суммасы 10 млн 480 миң сомду түзгөн 1412 протокол түзүлдү.

Мындан тышкары, аталган кодекстин 93-беренесине ("Чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана пайдалануу эрежелерин бузуу") ылайык 2 млн 927 миң сомдук айып пул салынган. Буга байланыштуу 75 административдик протокол түзүлдү.

Атайын кызмат "Нелегал-2026" операциясынын алкагында канча ишкана текшерилгенин белгилеген эмес.

УКМК мыйзамсыз миграцияны тыюу максатында маал-маалы менен атайын иш-чараларды жүргүзүп турат.

Быйыл Кыргызстанга сырттан келип иштей турган эмгек мигранттары үчүн квота 52 миңден 100 миңге чейин көбөйгөн.

2027-жылы Кыргызстанга сырттан келип иштей турган эмгек мигранттары үчүн квота дагы 20 миңге көбөйүп, 120 миңге жеткен.

2025-жылы чет өлкөлүк жумушчуларга 25 миң орун бөлүнгөн, бирок кийинчерээк 42 миңге чыгарылган.

Кыргызстандан эмгек квотасын сураган өлкөлөрдүн башында Кытай, Индия, Түркия, Пакистан жана башка мамлекеттер турат.

14:18, 20-10-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар