УКМК: Бишкектеги үч реабилитациялык борбордо бейтаптар кордолуп, экөө каза болгон

Бишкекте мыйзамсыз иштеген үч реабилитациялык борбор аныкталып, биринде адамдар каза тапкан. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Комитет "Хидальго", "Решение" жана "Бишкек-Маяк" аттуу үч борбордун иши токтотулганын белгиледи.

"Аталган жайдын директорлору жана айрым кызматкерлери дарылоодо бейтаптарга адаттан тыш ыкмаларды күч менен колдонушкан. Алар электрошокер пайдаланып, дарыланып жаткандарды байлап, түрдүү жолдор менен кыйнашкан", – деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, "Бишкек-Маяк" реабилитациялык борборунда дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен эки өлүм аныкталганы белгилүү болду.

Соттун чечими менен аталган борборлордун директорлорунун жана кызматкерлеринин ичинен жети адам кармалып, камакка алынган.

 

 

 

15:00, 16-02-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар