Бишкек мэриясы: автобустун айдоочусу катышкан жол кырсыгы иликтенип жатат
Бишкек шаардык мэриясы №38 каттам боюнча жүргүнчүлөрдү ташыган автобустун айдоочусу катышкан жол кырсыгы боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатканын билдирди. Мэрия анын жыйынтыгы менен жооптуу кызмат адамдарына карата Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чаралар көрүлүп, иликтөөнүн жыйынтыктары укук коргоо органдарына жөнөтүлөрүн кошумчалады.
Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгынын маалыматына ылайык, 15-октябрдын кечинде Чүй проспектиси менен Лермонтов көчөлөрүнүн кесилишинде №38 каттам боюнча жүргүнчүлөрдү ташыган Zongtong үлгүсүндөгү автобусту айдап бараткан айдоочу Kia K5, BMW X5, Changan, Kia K7, Toyota Camry жана Honda Accord үлгүсүндөгү автоунааларды сүзгөн.
Кырсыктын кесепетинен төрт адам жабыркаган. Алардын экөө мээси чайкалган деген диагноз менен Улуттук госпиталга кайрылып, амбулатордук медициналык жардам алышкан. Дагы эки киши көкүрөгүнөн жана моюнунан жаракат алып, Чүй облустук ооруканасына кайрылып, медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйүнө жиберилген.
Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгы коомдук транспорттун айдоочусу мас болгонун кабарлады. Кырсык боюнча тиешелүү материалдар топтолуп, окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн текшерүү жүргүзүлүүдө.
Кыргызстанда 2026-жылдын январь-июль айларында жол кырсыгынан 464 адам каза болду. 2025-жылы өлкөдө 8 456 жол кырсыгы катталып, андан 900 киши каза тапкан. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жаракат алган.
Кырсыктарга автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени негизги себеп экени айтылып келет.