Ошто үйү буздурулгандарга кенемте төлөнүп берилет

 

 

Ошто үйү буздурулгандарга кенемте төлөнүп берилет

Оштогу мыйзамсыз курулуштарды иретке келтирүүдө үйүнөн ажыраган жарандарга кенемте төлөп берилет. Мамлекет башчысы Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен болгон жолугушууда үйлөрү бузулуп, кенемтесин ала албай жаткандардын маселеси көтөрүлдү. Президент курулуш тармагындагы мүчүлүштүктөрдү жана жарандардын менчик укугун коргоо зарылдыгын моюнга алып, бул көйгөйдү чечүү тапшырмасын берди.

Ош шаарынын мэри Жанар Акаев кенемте алмашуу жолдору менен чечилип жатканын билдирди.

“Алардын дээрлик 10% чечилген. 90% азыр биздин мойнубузда. Бирок биз айрым жерлерди трансформация кылып, алмашуу жолу менен чечип жатабыз. Мэриянын балансындагы жерлер, батирлер бар. Мисалы, ошол эле Касымбеков көчөсүндө, Юго-Востокто бир топ ири объектилерди чечтик. Отузга жакынын алмашуу жолу менен чечтик. Мэриянын балансында турган үйлөрдү бердик. Айрым учурда жерлерди иштетүүгө бердик. Чоң маселелердин бир тобун чечтик", - деди Жанар Акаев.

20:41, 13-04-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар