Президент Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапары менен барды

 

Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапары менен барды

Президент Садыр Жапаров 17-майда Азербайжанга иш сапары менен барды. 

Аны Баку шаарындагы Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортто саламаттыкты сактоо министри Теймур Мусаев жана башка расмий адамдар тосуп алышты. 

Иш сапарынын жүрүшүндө Жапаров Бакуда өтүп жаткан Дүйнөлүк шаарлар форумунун (WUF13) 13-сессиясынын ишине катышат.

Кыргыз Республикасынын форумга катышуусу өлкөнүн туруктуу инфраструктура, “жашыл” энергетика жана экологияга багытталган шаарларды өнүктүрүү жаатындагы эл аралык кызматташтыкка умтулуусун айгинелейт.

Өлкө ошондой эле ыңгайлуу жана коопсуз шаардык мейкиндиктерди түзүү үчүн тажрыйба алмашууга жана эл аралык мыкты практикаларды ишке киргизүүгө даяр экенин көрсөтүүдө.

Арча медиа
18:49, 18-05-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар