Кара-Суу базары Президенттин иш башкармалыгына өттү
Кара-Суу базары Президенттин иш башкармалыгына өттү
Ош облусундагы Кара-Суу базары эми Президенттин Администрациясына баш ийген "Кыял" мамлекеттик ишканасынын карамагында иштейт. Бул тууралуу базардын жетекчилиги жарыялады. Натыйжада, соодагерлер менен түзүлгөн мурдагы келишимдер жокко чыгарылууда. Сатуучулар жана башка кызыкдар тараптар 10 календардык күндүн ичинде жаңы келишимдерге кол коюулары зарыл.