Президенттикке талапкер болууга 10 күндөн бери бир да арыз түшө элек
Президенттикке талапкер болууга 10 күндөн бери бир да арыз түшө элек
Кыргызстандын президенттигине талапкерлерди көрсөтүү башталгандан бери 10 күн өттү, бирок шайлоого катышуу ниети тууралуу арыздар азырынча түшө элек (5-октябрь саат 15:30га карата).
Документтерди кабыл алуу президенттик шайлоону дайындоо жөнүндө чечим расмий жарыялангандан кийинки күнү — 26-сентябрда башталган. Талапкерлерди көрсөтүү 13-ноябрга чейин уланат.
Талапкерлер өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен да, саясий партиялардан да көрсөтүлүшү мүмкүн. Талапкерлердин саны мыйзам менен чектелбейт. Каттоодон өтүү үчүн, катардагы талаптардан сырткары, кеминде 30 миң шайлоочунун колун чогултуу жана белгиленген шайлоо күрөөсүн төгүү зарыл.
Кыргызстандын президентин кезектеги шайлоо 2027-жылдын 27-январына дайындалган.