Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы: «Акыркы мезгилде мото айдап, оор жаракат алгандардын саны өсүп жатат»

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгы мото-скутер айдоочулары жана алардын ата-энелерине кайрылды.

«Акыркы мезгилде мото айдап, жол кырсыгына кабылып, оор жаракат алган, майып болуп калган жаштардын саны өсүп жатат. Кээ бирөөлөр келечегине өз колу менен балта чаап, өмүр бою төшөктө жатууга мажбур болуп калууда. Мээсине, башына суук тийип, ден соолугу начарлап калган учурлар да аз эмес.

Бул жаштар — биздин келечек. Биз аларды сакташыбыз керек. Урматтуу ата-энелер, балдарыңыздарга көзөмөл коюп, жаш курагына жетпей мото айдоосуна жол бербеңиздер. Урматтуу жаштар, мото айдаганда коргоочу жабдууларды колдонгула, жол эрежесин так сактагыла. Бир ката — бүт өмүрдү өзгөртүп жибериши мүмкүн. Өзүңөрдү жана жакындарыңарды ойлогула. Сак болгула, эрежени бузбагыла — өмүр силерге бир эле жолу берилет!» — деп жазылат кайрылууда.

10:39, 09-06-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар