Балык жемин импорттоого эмне үчүн чектөө коюлган? Министрдин жообу

Балык жемин импорттоого коюлган чектөө биринчи кезекте ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо үчүн киргизилген. Бул тууралуу айыл чарба министри Эрлист Акунбеков блогер Ыдырыс Исаков менен УТРКда уюштурулган дебатта билдирди.

Блогер буга чейин балык чарбасын иштеткен ишкерлер чет жактан келчү жемдин токтоп калышынан улам баккан балыгы жапырт кырылып, чоң чыгымга учураганын айтып чыккан.

Акунбеков өлкөдө 70 миң тонна балык жемин чыгара ала турган төрт завод бар экенин белгиледи.

"Импорттолгон жемдин курамы боюнча маселе бар. Менде анализдер боюнча такталган, курамында чочконун эти бар делген документтер турат. Сырттан келген жемдин логистикасы кымбат, жолдору туруктуу болбой жатат, мисалы, Европадан келген товар эртең токтоп калсачы? Анда балык чарбалар эмне болот? Ошондуктан мүмкүнчүлүк түзүп, өзүбүздүн ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдойлу деп жатабыз", — деди министр.

Акунбеков эки чарбада балыктын массалык кырылышы боюнча суроого да жооп берди. Анын айтымында, алынган үлгүлөрдөн пестицид табылган.

"Биздин оюбузча, муну кимдир бирөө атайылап жасап, диверсия уюштурган болушу мүмкүн. Укук коргоо органдары текшерип, ким жасаганын аныктайт", — деди министр.

Акунбеков табылган пестицид буга чейин айтылган 50 миң балыктын кырылышына себеп болгон-болбогонун тактоо керектигин белгиледи. Күнөөлүүлөр аныкталса, жоопко тартылары айтылды.

 

 

10:14, 08-10-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар