Акаев: Оштогу негизги көчөлөрдүн бирине Чубак ажы Жалиловдун ысымы берилет
Акаев: Оштогу негизиги көчөлөрдүн бирине Чубак ажы Жалиловдун ысымы берилет
Ош шаарындагы негизги көчөлөрдүн бирине көрүнүктүү диний ишмер Чубак ажы Жалиловдун ысымы берилет. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Жанар Акаев социалдык тармактарда жарыялады.
Мэр бул демилгени шаардык кеңештин депутаттары жыйын учурунда колдошконун белгиледи.
Ошондой эле Аношин көчөсүнүн атын коомдук ишмер Бегиш Аматовдун урматына өзгөртүү боюнча сунуш киргизилди.
Эске салсак, май айында Чубак ажы Жалиловго өлкөнүн эң жогорку сыйлыгы болгон «Кыргыз Республикасынын Баатыры» наамы каза болгондон кийин ыйгарылган.