Текебаев:"Бекназаров кызып кеткенде тилине алы жетпей калат” 

"Бекназаров кызып кеткенде тилине алы жетпей калат” – Текебаев

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев саясатчы Азимбек Бекназаровдун соңку маегиндеги билдирүүсүнө жооп берди. Анда Бекназаров «Текебаев Аскар Акаевге “биринчи президент” деген статус берип, ал кызматы үчүн 2003-жылы “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи” деген наам алган», — деп айткан.

“Бекназаров кызып кеткенде тилине алы жетпей калчу эле. «Айтса айтыптыр да» деп койдум эле.

Бирок журналист Айбек Теңизбаевге талап башкача болушу керек. Подкаст түз эфирде чыккан жок. Ал бир нече күн монтаждалды. Демек, айтылган маалыматты текшерүүгө толук мүмкүнчүлүк болгон. Бул — журналисттин кесиптик милдети.

Мага «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи» деген ардактуу наам 2003-жылы эмес, 1999-жылдын апрель айында берилген.Бул эки окуянын ортосунда дээрлик төрт жыл бар.

Ошондуктан төрт жылдан кийин болгон окуя үчүн төрт жыл мурда сыйлык алган деп айтуу логикага да, акылга да, жөнөкөй хронологияга да сыйбайт”, – деген Текебаев.

Арча медиа
13:47, 30-09-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар