Көчмөндөр оюну: Кыргызстан жер улак боюнча турнирди жеңиш менен баштады
Ысык-Көлдө өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында жер улак (көкпар) боюнча мелдеш башталып, Кыргызстан алгачкы атаандашы Монголияны 12:1 эсебинде утуп алды.
Белгилей кетсек, аталган курама командалар "А" тайпасына туш келген. Топто Афганстан менен Өзбекстан да бар. Ал эми "В" тайпасына Венгрия, Тажикстан, Казакстан кирген.
Өз тайпасында биринчи орунду ээлеген командалар финалга чыгат.
Жер улак кадимки көк бөрүдөн айырмаланып тай казаны жок эки бөлүк менен ойнолот. Оюн Көчмөндөр оюндарынын программасына кирген. Кыргызстан көк бөрүгө да, жер улакка да өз-өзүнчө команда даярдады.