Казакстанда машыгуу учурунда каза болгон аскерлердин саны 12ге жетти

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 25-сентябрды Маңгыстоо облусунда кызматтык милдетин аткаруу учурунда каза болгон аскер кызматкерлеринин өлүмүнө байланыштуу жалпы улуттук Аза күтүү күнү деп жарыялады. Президент каза болгондордун жакындарына жана туугандарына көңүл айтты.

Казакстандагы кайгылуу окуяга байланыштуу бир катар өлкөлөрдүн мамлекет башчылары, анын ичинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров казак лидерине жана элине көңүл айтышты.

24-сентябрда Казакстандын Коргоо министрлиги Каспий деңизинде аскердик машыгуу учурунда 19 аскер кызматкери деңизге чөгүп кеткенин билдирген. Маалыматка караганда, күжүрмөн тапшырманы аткаруу маалында аба ырайы кескин начарлап, шамал күчөгөн. Анын кесепетинен аскер кызматкерлери деңизге агып кеткен.

Коргоо министрлигинин соңку маалыматына караганда, агып кеткендер 17 адам, алардын 12си каза болгону тастыкталды, үчөөнү куткарып калууга үлгүрүштү, экөө изделүүдө.

Казакстандын Башкы прокуратурасы аскер кызматкерлеринин өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоду. Ошондой эле өкмөттүк комиссия түзүлдү.

Каспий деңизиндеги машыгууларда буга чейин да аскерлер каза болгон. 2015-жылы «Борбор-2015» машыгуусунун жүрүшүндө Актау шаарында төрт аскер кызматкери каза тапкан. Анда 52 аскер кызматкери түшкөн алты БТР-80 деңизге чыккан. Катуу шамалдан улам бронетранспортерлор сууга чөгүп кеткен. 

 

10:21, 25-09-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар