Жапаров Каспийдеги кырсыкка байланыштуу Токаевге көңүл айтты
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров аскер кызматкерлеринин өлүмүнө алып келген кайгылуу окуяга байланыштуу Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевге көңүл айтты.
“Каспий деңизинде аскердик машыгуу өткөрүү учурунда болгон кайгылуу окуянын кесепетинен Казакстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлери каза болгондугу тууралуу кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргыз элинин жана жеке өзүмдүн атымдан сизге, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө, туугандарына жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам жана жабыр тарткандардын тезирээк сакайып кетишин каалайм”, - деп айтылат президенттин телеграммасында.
24-сентябрда Казакстандын Коргоо министрлиги Каспий деңизинде аскердик машыгуу учурунда 19 аскер кызматкери деңизге чөгүп кеткенин билдирген. Маалыматка караганда, күжүрмөн тапшырманы аткаруу маалында аба ырайы кескин начарлап, шамал күчөгөн. Анын кесепетинен аскер кызматкерлери деңизге чөгүп кеткен.
Коргоо министрлигинин соңку маалыматына караганда, чөгүп кеткендер 17 адам, алардын 12си каза болгону тастыкталды.
Казакстандын Башкы прокуратурасы аскер кызматкерлеринин өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоду. Ошондой эле өкмөттүк комиссия түзүлдү.
Каспий деңизиндеги машыгууларда буга чейин да аскерлер каза болгон. 2015-жылы «Борбор-2015» машыгуусунун жүрүшүндө Актау шаарында төрт аскер кызматкери каза тапкан. Анда 52 аскер кызматкери түшкөн алты БТР-80 деңизге чыккан. Катуу шамалдан улам бронетранспортерлор сууга чөгүп кеткен.