"Куликов” менен соттошкон блогер Айтилек Орозбаев  акталды

"Куликов” менен соттошкон блогер Айтилек Орозбаев акталды

Бишкектин Свердлов райондук соту 22-сентябрда тейлөө тармагында мамлекеттик тил тууралуу талапты сактоо жөнүндөгү видеолорду чыгарып жүргөн блогер Айтилек Орозбековду актады. Бул тууралуу блогер өзү билдинип, сот аны беш эпизод боюнча толугу менен актаганын айтты.

Орозбеков былтыр май айында Ютубдагы каналында “Куликов” кофеканасында кыргызча сүйлөгөн кардарлар тейленбесин белгилеп, “кыргыз тилин сыйлабаган кофеканага келбөөгө” чакырган. Бул окуядан кийин Чүй облустук ички иштер башкармалыгы блогерге Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Блогер былтыр 6-майда кармалып, кийин үй камагына чыккан.

Арча медиа
13:19, 23-09-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар