Царикаевге кол салган төрт адам СИЗО-1ге киргизилди
Царикаевге кол салган төрт адам СИЗО-1ге киргизилди
Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык инспекциясынын башчысы Мирлан Таалайбекти (Царикаев) сабаган деп шектелген төрт адам Бишкектин №1 тергөө абагына киргизилди.
Ленин райондук ИИБден билдиришкендей, соттун чечими менен үчөө эки айга, бирөө эки жумага камакка алынды.
25-октябрда түнкү саат 02:00до Ак-Ордо конушунун Өмүр жана Долон Бий көчөлөрүнүн кесилишинде жол чыракта токтоп турган Мирлан Таалайбековдун BMW үлгүсүндөгү автоунаасын Toyota Will машинеси сүзүп, анда отурган төрт киши Таалайбековду сабаганы айтылат.
Милициянын билдиришинче, медициналык аныктамага ылайык, төрт жаран тең спирт ичимдигин ичип алган.