Кыргызстандагы мектептерге 1 миллиондон ашуун жаңы китеп жеткирилет

Кыргызстандагы мектептерге 1 миллиондон ашуун жаңы китеп жеткирилет

Кыргызстандын мектептери үчүн басылып чыккан 1 миллиондон ашуун нускадагы окуу китептери жана колдонмолор учурда жеткирүү баскычында турат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өткөргөн кеңешмеде белгилүү болду.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, быйыл окуу куралдарын чыгарууга казынадан 744 миллион сом, ал эми Агартуу министрлигинин эсебинен кошумча 16,2 миллион сом бөлүнгөн.

Жалпы каржылоого 3 миллион 668 миң 606 даана окуу материалын чыгаруу пландалып, анын 2 миллион 455 миң 868и мектептерге жеткирилген, ал эми 1 миллиондон ашыгы жеткирүү баскычында турат.Жыйында 12 жылдык окутууга өтүү үчүн керектүү класстарга окуу китептерин этап-этабы менен басып чыгаруу каралды. Салыштырсак, 2025-жылы бул багытка 855 миллион сом жумшалып, мектептерге 4,7 миллиондон ашык китеп басылып берилген.

Жыйын соңунда Агартуу министрлигине китептерди чыгарууну тездетип, мектептердин китеп менен камсыздалышын текшерип туруу тапшырылды.

Арча медиа
10:58, 22-09-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар