Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматты кантип тапшырганын айтып берди
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматын өз чечими менен тапшырганын айтты. Бул тууралуу ал "Кабар" агенттигине курган маегинде билдирди.
Мурдагы өлкө башчы аны эч ким коркутпаганын белгилеген.
"Мен ал кездеги премьер-министр Садыр Жапаров менен 10 күн бою сүйлөшкөндөн кийин гана президенттик кызматымды тапшыргам. Аны элдин баары билет. Азимбек Бекназаровбу же башкасы болобу, "Жээнбековду Ташиев коркутуп арыз жаздырган" десе, ал — болгону ойдон токулган жомок, ошол кездеги кырдаалдан кабары жок адамдардын жалган пикири. Кандай максатта антип айтты, мага түшүнүксүз. Беш жылдан бери эч кимге комментарий бербей келем, аны жакшы билесиңер. Мен муну ошол кездеги окуяларды ар ким ар кандай бурмалабасын деп гана айтып жатам", — деген Жээнбеков.
Белгилей кетсек, саясатчы Азимбек Бекназаров жергиликтүү медиалардын бирине берген маегинде "Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматтан кетүү арызын Камчыбек Ташиев коркутуп жаздырып алган" дегени коомчулукта кызуу талкууга жем таштаган.
2020-жылдын 5-октябрында, Жогорку Кеңешке шайлоонун дал эртеси, өлкөдө толкундоолор башталган. Буга бир катар партиялардын добуш берүүнүн жыйынтыгына нааразылыгы себеп болгон.
Натыйжада Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабеков, өкмөт, андан соң президент Сооронбай Жээнбеков отставкага кетүүгө аргасыз болушкан. Ошондогу өлкө башчы кызматтан кеткенин 15-октябрда жарыялап, эртеси күнү ыйгарым укуктарын өткөрүп берген. Мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын өткөрүп берген соң Жээнбеков экс-президент макамын алган.