Бишкектин айрым жерлерине 3 күн жаратылыш газы берилбейт
Бишкектин айрым жерлерине 3 күн жаратылыш газы берилбейт
"Бишкекгаз" газ кызматы жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчтөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 21-23-сентябрь күндөрү төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөрүн маалымдайт:
Токомбаев көч., Малдыбаев көч., Ахунбаев көч., Ажыбек Баатыр көч., Тыналиев көч., Масалиев көч., Садырбаев көч., Манас Айылы көч., Ч. Айтматов пр., “Арча Бешик” ж/к, “Киргизия-1” ж/к, “Ынтымак” ж/к.
"Бишкекгаз" газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт. Жумуштар газ менен ишенимдүү жана коопсуз камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.