"Биз эл менен" фондунун жетекчиси алдамчылыкка шектелип кармалды
«Биз эл менен» фондунун жетекчиси алдамчылыкка шектелип кармалды
Алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Милицияга Бишкекте жана өлкөнүн башка аймактарында өздөрүн «Биз эл менен» кайрымдуулук фондунун ыктыярчыларыбыз деп тааныштырган адамдар тууралуу маалымат түшкөн. Алар коомдук жайларда, мечиттердин жанында жана жолдордо акча чогултушкан.
Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча каттоого алынган. Тергөөдөгү маалымат боюнча, фонд 2019-жылдан бери иштеп келген жана анын жетекчиси менен уюштуруучуларынын банктык эсептери аркылуу ири өлчөмдөгү акча жүгүртүлгөн. 2026-жылдан бери жетекчинин бир гана эсеби боюнча 41 миңден ашык операция жүргүзүлүп, акча айлануунун жалпы көлөмү 12 млн сомдон ашкан.
2024-жылдан 2026-жылга чейин келтирилген зыяндын суммасы 30 млн сомго чукулдаган.
Натыйжада фонддун жетекчиси, 1993-жылы туулган Б.к.Т. кармалды. Анын үйүндө жана унаасында тинтүү жүргүзүлүп, документтер жана башка буюмдар табылган. Шектүү 21-тергөө абагына киргизилди.