Ош: бир нече жолу соттолгон киши 73 жаштагы таксистти өлтүрүүгө шектелүүдө. Чоо-жайы
Алдын ала маалыматта, Түштүк кичи району тараптан кардар таксистти таш менен башка 10дон ашык жолу уруп өлтүргөнү деп айтылууда.
Ош шаарында 28 жаштагы киши улгайган таксистти өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан кабарлашты.
9-майда калаадагы Алымбек датка жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жол четиндеги тосмону сүзүп токтоп калган Honda Jazz автоунаасы көзгө урунган. Карай келгенде ичинде эч ким болгон эмес.
Милициялар автокөлүктүн ээсин тактай келгенде, 73 жаштагы кишиники экени, ал ошол күнү ишке кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы маалым болгон.
Эртеси таксисттин сөөгү шаардын түштүк тарабындагы талаадан табылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө 11-майда шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон М. уулу Ш. кармалган.
Алгачкы суракта улгайган таксистти машинасын тартып алып, сатуу максатында өлтүргөнүн мойнуна алган. Ал шектүү ошол күнү мас болгонун, жолдо баратып тосмону сүзүп, автоунааны кырсыктаган жерге калтырып кеткенин айткан.
Ага Кылмыш-жаза кодексинин 122–беренеси ("Адам өлтүрүү") менен иш козголуп, эки айга камакка алынды. Учурда тергөө уланууда.