Соцфондго акча төлөбөгөн жарандар пенсия ала албайт
Соцфондго акча төлөбөгөн жарандар пенсия ала албайт
Социалдык фондго камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөгөн жана эмгек стажы жок жарандар пенсия ала албайт. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде Соцфонддун Коомчулук менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов билдирди.
Анын айтымында, Социалдык фондго төгүм которбой туруп пенсия дайындоону сураган жарандар кайрылууда.
«Соцфонд деген сөздү укканда дароо стаж тууралуу ойлонуш керек. Стажы жок жаран Социалдык фонддон пенсия ала албайт», — деди Мукамбетов.Ал тургай эмгек стажы жок «баатыр энелер» да пенсия берүү өтүнүчү менен кайрылып жатканын белгиледи.
Ошол эле учурда жаран Социалдык фондго кеминде бир жыл камсыздандыруу төгүмүн төлөгөн болсо, мыйзамда каралган айрым мезгилдер, анын ичинде бала багуу жана окуу мезгили камсыздандыруу стажына кошулушу мүмкүн экенин түшүндүрдү.
Мукамбетов жарандар пенсияга чыгуу үчүн алдын ала камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөп, өзүнүн стажын камсыз кылышы керектигин эскертти.