Сауд Аравиясы Иейменге сокку урду

 Сауд Аравиясы Йеменге сокку урду

 Йемендин «Аль-Масира» телеканалы кабарлагандай, Сауд Аравиясы артиллерия менен Саада провинциясындагы Разех жана Гамр аймактарын аткылады.

Чабуул өлкөлөр ортосундагы чек ара райондорунда болду. Жергиликтүү маалымат каражаттары кыйроолор жана курмандыктар тууралуу так маалымат бере элек.

Сауд Аравиясы Йемендеги хусит козголоңчуларына каршы көп жылдан бери операция жүргүзүп келет. Бул жаңжал аймактагы эң олуттуу гуманитардык кризистердин бирине айланган.

11:15, 08-09-2025

Комментарийлер

Башка жаңылыктар