Алагөзов "Бишкек Аренаны" курууга 386 млн доллар сарпталганын билдирди

Кыргызстандын президентинин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Бишкектин четиндеги Орок айылында курулган "Бишкек Арена" стадиону 386 млн долларга курулганын 8-сентябрда өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.

"Бүгүн толук маалымат колго тийди, ошону жарыя кылууну туура көрдүм. “Бишкек-Арена” стадиону 386 млн долларга курулуп бүтүптүр. “60 млн долларга бүттү” деген жалган сөз. Тээ башында стадион курулуп баштаганда 30-35 миң адам бата турган стадион куруу планы болгондо Камчыбек Ташиев болжол менен 60 млн доллардын тегерегинде салынып бүтөт деп айтканын эшиттик. Бирок бул суммага жөн гана Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион сыяктуу жөнөкөй эле стадион куруу планы менен башталган", - деп жазды ал.

Алгөзовдун жазганына караганда, бул долбоорду кийин президент Садыр Жапаров толугу менен өзгөртүп, кафе-ресторан, кинотеатр, супермаркет, спорт залдар жана балдар ойноочу аянтчалар кошулган.

Маалыматка караганда, "Бишкек Аренанын" жалпы аянты 194 248 м².

"Стадиондордун ар бир квадрат метри 2000 доллардан баштап 15 000 долларга чейин бүтөт экен. Ошондуктан Камчыбек Ташиев 30-35 миң адам бата турган стадионду 60-70 миллион доллардын тегерегинде бүтөт десе керек", - деп жазды президенттин басма сөз катчысы.

13:24, 08-09-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар