Жапаров "Манас" эл аралык аэропортуна барып жаңылоо иштерин көрдү
Президент Садыр Жапаров 8-октябрда "Манас" эл аралык аэропортуна барып, реконструкциялоо жана кеңейтүү иштери менен таанышканын президенттик администрациядан маалымдашты.
Мамлекет башчысына "Кыргызстандын эл аралык аэропорттору" ААКынын жетекчиси 2023-жылдан бери сатып алынган жаңы техникаларды, учуп-конуу тилкесиндеги иштерди көрсөткөн. Андан соң Жапаров авиация кызматкерлери менен жолугуп, аэропорт бул Кыргызстандын эл аралык кадыр-баркы, өлкөбүздүн жүзү экенин белгилеген.
Маалыматта "Манас" аэропортунда учуп-конуу тилкесин жана рулеждик жолдорду жаңылоо, жарык берүүчү жана аэродром жабдууларын жаңыртуу, аэробекет комплексин кеңейтүү боюнча масштабдуу иштер жүрүп жатканы белгиленген. Ошондой эле жакынкы келечекте Борбор Азиядагы эң заманбап авиациялык хабдардын бирине айланарын кошумчалашты.
Соңку эки жылда "Кыргызстандын эл аралык аэропорттору" ААКы авиациялык инфраструктураны өнүктүрүүгө 8 миллиард 186 миллион сомго жакын каражат жумшаган. 3 миллиард 356 миллион сомго атайын авиациялык техника жана заманбап жабдуулар алынган. Мындан тышкары, Asman Airlines авиакомпаниясы жалпы наркы 2 миллиард 385 млн сомду түзгөн үч Bombardier Dash-8 Q400 учагын алган.
"Биз авиация тармагында чыныгы өзгөрүүлөргө күбө болуп жатабыз. Кыргыз авиациясынын жаңы доору башталды деп ишенимдүү айта алабыз. Биздин аэропорттор заманбап, коопсуз жана ыңгайлуу борборлорго айланып, дүйнөлүк стандарттарга жооп берет. Мунун баары – элдин ишениминин жана мамлекеттик колдоонун натыйжасы", — деген президент.
Ал өлкөнүн аймактарында да чоң иштер жасалып жатканына да токтолуп, Кыргызстандын эгемендик тарыхындагы эң ири авиациялык долбоорлордун бири – "Жалал-Абад" эл аралык аэропорту боюнча иштер башталганын белгиледи. Ошондой эле президент 2006-жылы Кыргызстан Европа биримдигинин "кара тизмесине" киргизилгенин эске салган. Ал бул абалды оңдоо боюнча Кыргыз авиациясынын өкүлдөрү Европа биримдигинин өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүп, "кара тизмеден" чыгуунун акыркы этаптарынан ийгиликтүү өтүп жатканын айтты.
Жапаров сөзүнүн соңунда авиация кызматкерлерин 7-октябрь кесиптик майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук, үй-бүлөсүнө бакубат жашоо жана жаңы ийгиликтерди каалады.