ИИМ 30-31-августта коомдук транспортту колдонууну суранат

 

ИИМ 30-31-августта коомдук транспортту колдонууну суранат

30 жана 31-августта Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий ачылыш аземине байланыштуу Бишкекте жол кыймылынын көбөйүшү күтүлүүдө. Ички иштер министрлиги шаардын айрым жолдорунда убактылуу жол кыймылына чектөөлөр мезгил-мезгили менен киргизилерин эскертти.

Ички иштер министрлиги борбор калаанын тургундарына жана конокторуна маршруттарын алдын ала пландаштырып, мүмкүн болушунча коомдук транспортту колдонууну сунуштайт. Бул күндөрү шаардын 21 жеринен "Бишкек Аренага" атайын маршруттук автобустар каттайт.

Арча медиа
12:11, 25-08-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар