"Достук" көзөмөл-өткөрүү пунктунун башчысы коррупцияга шектелип кармалды

"Достук" көзөмөл-өткөрүү пунктунун башчысы мезгил-мезгили менен жасалма кезектерди уюштурууга шектелип кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, А.Н. ортомчулар аркылуу чет өлкөлүк жарандарды мамлекеттик чек арадан тоскоолдуксуз өткөргөндүгү үчүн системалуу түрдө акчалай сыйлык алып турган. Ошондой эле чек арада кылмыштуу ишмердүүлүк менен алектенген айрым кызматкерлерге колдоо көрсөтүп келген.

"Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө иштери уланууда", – деп айтылат УКМКнын маалыматында.

15:25, 04-02-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар