Статком: Кыргызстанда орточо айлык 45 миң сомдон ашты
Статком: Кыргызстанда орточо айлык 45 миң сомдон ашты
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь айында өлкөдө орточо айлык акы 45 миң 797 сомду түздү.
Баалардын өсүшүн эске алганда, айлыктын реалдуу көлөмү 6,3%га жогорулаган.
Эмгек акынын өсүшү бардык тармактарда байкалды. Эң жогорку өсүш саламаттык сактоо, энергетика, айыл чарба, илимий тармактарда катталган.