Ысык-Көлдө 27-августтан 10-сентябрга чейин дрон учурууга чектөө киргизилет

Ысык-Көлдө 27-августтан 10-сентябрга чейин дрон учурууга чектөө киргизилет

Ысык-Көл облусунда жана Каракол шаарында 27-августтан 10-сентябрга чейин аба мейкиндигин пайдаланууга чектөөлөр киргизилет.

Каракол шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, чектөөлөр Шанхай кызматташтык уюмунун жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтө турган эл аралык иш-чараларга байланыштуу киргизилүүдө.

Бул мезгилде тиешелүү уруксаты жок жалпы авиациялык учактардын жана учкучсуз учуучу аппараттардын, анын ичинде дрондордун учуусуна жол берилбейт.

Арча медиа
11:49, 21-08-2026

Комментарийлер

Башка жаңылыктар