Мамлекет күйүүчү майдын баасын кармап туруу үчүн 1 миллиард сом коротту
Мамлекет күйүүчү майдын баасын кармап туруу үчүн 1 миллиард сом коротту
Мамлекет бензиндин, дизелдин жана автогаздын баасын кымбаттатпай кармап туруу үчүн күйүүчү-майлоочу май ташыган компанияларга бюджеттен субсидияга болжол менен 1 миллиард сом коротту.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы кабарлагандай АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин иш жүзүндөгү баасы 111–118 сом болсо ал Кыргызстанда 87,9 сомдон сатылууда.
Ортодонт 23,1–30,1 сом айырманы кара май ташыган компанияларга мамлекет төлөп берип жатат. Дизелдин өздүк наркы 125–137 сом болсо ал керектөөчүлөргө 99,9 сомдон сатылып жатат жана 25,1–37,1 сом айырма бюджеттен берилүүдө.
Ал эми автогаздын иш жүзүндөгү баасы 51–54 сом деп эсептелсе элге 48,8 сомдон сатылууда. Ортодогу айырма 2,2–5,2 сомду түзөт.